Таласта "Талас-Ош ынтымагы" беттеши өтүп, таластык улакчылар жеңишке жетишти

23-24-ноябрь күндөрү Талас шаарынын Райкан Алканов атындагы ат майданында "Талас-Ош ынтымагы" деген аталышта спорттук мелдеш болуп өттү. Мелдештин демөөрчүсү жана уюштуруучусу жеке ишкер Талас Бегалиев беттеш тууралуу SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.

"Былтыр биринчи жолу көк бөрү боюнча турнир өткөрдүк. Беттеш кызыктуу болсун деп күчтүүлөрдөн баштаганбыз. Алгач Чүй-Таластын көк бөрүчүлөрүн беттештирдик. Быйыл кезек Ош облусуна келип, 23-24-ноябрь күндөрү Талас-Оштун улакчылары ат салышты.

Турнирде эки облустун 4 районунан келген 8 команда бет келишти. Атаандаштардын арасынан суурулуп чыгып, жакшы оюн көрсөткөн Талас районунан келген команда мыкты деп табылып, 1-орунду (300 миң сом) багындырды. Ал эми 2-орунга Кара-Буура району (200 миң сом), 3-орунга Ош облусунун Кара-Суу району (100 миң сом), 4-орунга Бакай-Ата району (80 миң сом) татыды. Калган командалар да кур кетпей, акчалай сыйлык алышты. Ошондой эле эки облустун 40 жаштан өткөн ардагерлеринен эки команда түзүлүп, беттеш өткөрүштү. Аксакалдардан 5:3 эсеби менен Талас облусунун оюнчулары утуп, 40 миң сом, Ош облусундагылар 20 миң сом байгеге ээ болушту", - дейт Талас Бегалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aza84
2019-11-25 21:55:45
Талас негизи чемпион
-5
Kanat.tls
2019-11-26 11:30:49
Талас Бегалиев азамат. Манас Ниязовго аргымак белек кылды. Манас Ниязов күчтүү улакчы моюнга алыш керек!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан