Ош облусунун Кара-Суу районунда Сирия мамлекетинде болуп жаткан окуяларга катыштыгы бар “Таухид валь Жихад" уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы 21-сентябрь күнү жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чаралардын натыйжасында, Абдулло аттуу жаран интернет тармактары аркылуу диний-экстремисттик жана террорчулук уюмдарга таандык болгон материалдарды мыйзамсыз таркатып жүргөндүгү туурасында маалымат алынган.
"Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө Абдулло аттуу жарандын аты-жөнү такталып, ал Ош облусунун Кара-Суу районунун 1987-жылы туулган А.К. экени аныкталган. Ал апрель айынан бери “Таухид валь Жихад” эл аралык террордук уюмунун катарына кошулган. Учурда териштирүү иштери жүрүп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тийиштүү тергөө амалдары жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.