Бишкектин Юнусалиев жана Сухэ Батор көчөлөрүнүн кесилишинде банктардын биринин филиалы тонолду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, эртең менен болгон. Анда банктардын биринин филиалы тонолгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, филиалды менчик күзөт агенттигинин кызматкерлери кайтарчу. Анда белгисиз адамдар күзөт кызматкерлерин сабап, кассадагы акчаны алып кетишкен.
Учурда Бишкекте "перехват" планы жарыяланды.
Ал эми Бишкек ШИИББи план "перехват" жарыяланганын тастыктап, учурда шектүү катары эки адам изделип жатканын билдирди.