Бүгүн, 26-ноябрда Бишкектин Юнусалиев жана Сухэ Батор көчөсүндө тонолгон банк ЭкоИсламик банктын филиалы экени аныкталды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Филиалдан алынган акчанын суммасы учурда такталууда. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "каракчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Бишкектин Юнусалиев жана Сухэ Батор көчөлөрүнүн кесилишинде банктардын биринин филиалы тонолгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, филиалды менчик күзөт агенттигинин кызматкерлери кайтарчу. Анда белгисиз адамдар күзөт кызматкерлерин сабап, кассадагы акчаны алып кетишкен. Бишкекте "перехват" планы жарыяланган.