Ырчы Нурмат Садыровдун "Кайда кеттиң" чыгармасы "Супер хитке" кошулду

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордун Нурмат Садыровдун "Кайда кеттиң" аталышындагы клиби толуктады.

Чыгарманын сөзү Жылдызбек Турсунбаевге, обону Эдил Маматовго таандык. Клипти Мирлан Саткымбаев тарткан. Клип көпчүлүктүн купулуна толуп, батыштын деңгээлине тете экенин билдиришкен.

20-НОЯБРДАН 27-НОЯБРГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

10-орун - Чолпон Талипбектин "Таппадым сендей" клиби эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.

9-орунду - Калыс Жакыповдун "Күттүм сени" чыгармасы камсыздады.

8-орунга - Айдин Шердин "Отуздан ашып барамын" видеокомпозициясы жайгашты.

7-орун - Азизанын "Чакырба сүйүү мезгилин" аталышындагы чыгармасына буюрду.

6-орунду - Мурадил Данияровдун "Алтын апам" аталышындагы клиби ээледи.

5-орунга - Ильяз Андаштын аткаруусундагы "Жөнөкөй жигит" чыгармасы жайгашты.

4-орун - Азат Раимбердиевдин "Карагым" клибине буюрду.

3-орунду - Курал Чокоев менен Шерхан Абкуловдун "Кыздар, ай" чыгармасы багындырды.

2-орун - Эрлан Андашевдин "Өкүнбө" чыгармасы алдыңкы үчтүктөн орун алды.

1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Мурат Ниматовдун "Келинчегим бол" клиби эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү видеокомпозицияңызга добуш берүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан