Жалал-Абад шаарынын аймагында уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

Жалал-Абад шаарынын аймагында уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, октябрь айында Жалал-Абад ШИИБине 7 адам арыз менен кайрылып, ар түрдүү суммадагы буюмдарын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендигин айтышып, мыйзамдуу чара көрүүнү өтүнүшкөн. Алардын бири үйдө эч ким жок учурда 60 миң сомдук алтын буюмдарын жана 5 миң сомдук кол телефонун уурдап кеткенин айткан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "уурдоо" беренеси менен катталган.Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучулар 170 миң сомдук материалдык чыгым болушканы аныкталган. Ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада кылмышка шектүү катары Сузак районунун 1983-жылы туулган Н.А. жана анын шериги Жалал-Абад шаарынын тургуну 1991-жылы туулган И.Х. кармалышкан. Алар тергөөдө жасаган кылмыштары боюнча көрсөтмө беришип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугун аныктоо максатында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан