Аймактар аралык касташууну козуткан социалдык тармактардын колдонуучусу кармалды

Аймактар аралык касташууну козутуу фактысы боюнча социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу кармалды. Ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан 24-ноябрда кармалган.

"Аймактар аралык касташууну козутуу фактысы боюнча социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу А.Ж. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Кармалган жаран жалган, чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды социалдык тармактын колдонуучуларына жайылтып, массалык нааразычылык актыларын уюштурууга үндөгөн. Натыйжада колдонуучулар арасында каршы ойлор жаралып, аймактар аралык касташууну жараткан. Мындан улам 25-ноябрда А.Ж`га Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (аймактар аралык касташууну козутуу) боюнча кылмышка шектүү экени билдирилген. Учурда тергөө жүрүп жатат", - дейт маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nazarmat92
2019-11-27 11:03:54
Аябай чон иш жасаган турбайсынарбы.
+4
Absamat-90
2019-11-27 11:05:59
Туура кылат азыр ушундай батыштын акчасына алданып элди козуткандарды четинен карамап камоо керек.
+1
chake
2019-11-27 11:18:13
мындай шакалдарга катуу чара колдонбосо элди бөлүп жарып бүтмөй болду
0
Ananaska
2019-11-27 11:47:14
А.Ж'нар ким?
+3
titanik32
2019-11-27 12:02:19
Ким деген акмак экен аты жөнүн толук жазсаңар.Жанакы Аман Асанов деген фейзбуктагы фейк эмес бекен.Арстан Алайдын кызы да болүп жарылуу,аймактар аралык касташууну жана да президентке шек келтирген сөздөрү видеолору бар экен ошону кармабайсыңарбы.Ким деген фейк экен атын толук жазгыла А Ж дебей.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан