УКМК БеспределKG баракчасынын администраторунун кармалышы боюнча түшүндүрмө берди

УКМК "аймактар аралык касташууну козутуу" беренеси менен БеспределKG баракчасынын администратору кармалганын тастыктады. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Администратор бир нече жолу аймактар аралык жаңжалды козутууга үндөгөн жалган жана провокациялык мүнөздөгү маалыматтарды тараткан. Ошондой эле жарандарды мыйзамсыз жана зордук-зомбулук иш аракеттерге түрткү кылып, колдонуучулар арасында каршы ойлорду, бири-бирин жек көрүү түрүндө аймактар аралык касташууну жараткан. Бул факты боюнча материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин аймактар аралык касташууну козутуу фактысы боюнча социалдык тармактын активдүү колдонуучусу кармалганын УКМК билдирген. Кармалган жаран БеспределKG баракчасынын администратору Автандил Жоробеков аттуу жаран болгон. Ал 2020-жылдын 24-январына чейин камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Jaznura
2019-11-27 17:43:26
Элди бөлүп жарган маалымат таратса анан эмне кылыш керек?
-6
assanov97
2019-11-27 18:02:25
Бөлүп жарган ал эмес комментари жазгандар экенго
+7
assanov97
2019-11-27 18:02:48
Укм оздору комент жазып камап койдубу
+6
assanov97
2019-11-27 18:03:42
Жаныш бакивди генерал деген учуе камалдфбы
+3
bond02
2019-11-27 20:49:53
Азыр элдин баарынын ою ушундай эле, мен бул жерден улуттар аралык же башканы коргон жокмун. Просто бийликке жакпаптыр и всё.
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан