Эки кыргыз балбаны кыргыз күрөшү боюнча Азия чемпиону болушту

Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча Азия чемпиондугу өтүүдө. Кечээ, 27-ноябрда мелдештин биринчи күнүндө 4 салмак категориясында жеңүүчүлөр аныкталды.

Эки салмак категориясында кыргыз балбандары Азиянын чемпиону аталышты. 66 килограмм салмакта Нурказым Асангелди уулу жана 84 килограмм салмакта Бектурган Кожомуратов бардык атаандаштарын жеңип, алтын медаль тагынышты.

55 килограмм салмакта Эламан Базарбек уулу жана 96 килограмм салмактан ашык категориясында Тилек Куралов коло байгеге ээ болушту.

Жеңүүчүлөр тизмеси:

55 килограмм салмакта:
1-орун - Амарсаана Хатансайхан (Монголия)
2-орун - Жавохирб Тошмухамедов (Өзбекстан)
3-орун - Базарбек уулу Эламан (Кыргыз өлкөсү)
3-орун - Дияз Абдибаев (Казакстан)

66 килограмм салмакта:
1-орун – Нурказым уулу Асангелди (Кыргыз өлкөсү)
2-орун – Валимухаммад Воки (Тажикстан)
3-орун – Асланбек Чомаев (Орусия)
3-орун – Миркомил Ахаткулов (Өзбекстан)

84 килограмм:
1-орун – Бектуркан Кожомуратов (Кыргыз өлкөсү)
2-орун – Мухамаддул Хайтбаев (Өзбекстан)
3-орун – Талант Жакыбалиев (Орусия)
3-орун– Парвиззи Мостафа (Иран)

96 килограммдан жогору
1-орун – Дорж Анар (Монголия)
2-орун – Махмад Миров (Тажикстан)
3-орун – Мохаммеди Абдолвахед Иран)
3-орун – Тилек Куралов (Кыргыз өлкөсү).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан