Бишкектин Чүй кең көчөсү менен Манас кең көчөсүндө милиция кызматкерлеринин унаасы катышкан жол кырсыгы болду. Бул тууралуу республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 28-ноябрь күнү саат 09:00 чамасында болгон.
"Honda Avancier үлгүсүндөгү унаа чыгыштан батышка карай бара жатып, Манас кең көчөсүнө жетпей, артка кайрылуу жасаган учурда ИИМдин күзөт кызматынын кызматтык унаасы Рено логан менен сүзүшкөн. Натыйжада кырсыктан эки милиция кызматкери жаракат алып, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Учурда алар ооруканада дарыланууда. Ал эми эки унаа тең айып короосуна токтотулуп, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп билдирет басма сөз кызматынан.