Болгарияда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда 59 килограммдык салмакта күрөшүп жаткан кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова атаандашына уттуруп койду. Анын каршылашы канадалык спортчу Брэкстон Рей Стоун болчу. Эгер чемпиондукта канадалык спортчу финалга чыкса, анда Айсулуу Тыныбекова коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.