Бүгүн, 28-ноябрда "Манас" кинотеатрында бажалардын окуясын баяндаган "Бажарики-3" тасмасынын бет ачары өттү.
Бул тасманын 1-2-бөлүгүндө 6 кызды тарбиялап, уулдуу болгусу келген каармандын окуясы баяндалат. Бирок уул ордуна уул болуп беребиз деген анын күйөө балдары улам бир кызыктын үстүнөн чыга беришет. Мында да күйөө балдардын айланасындагы күлкүлүү, кызыктуу окуялар орун алат. Бул ирет бажалар ким менен мушташат, алардын кайын атасы уулдуу боло алабы? Бул суроолорго жоопту тасманы көрүп, таба аласыз.
Продюсер Нурлан Жаныбеков "Бажарики-4" тасмасы да тартылышы мүмкүн экенин айтты. "Тасманы тартуу үчүн 1 жылдан ашык убакыт кетти. Шахтада болгон окуя, үйлөнүү той өңдүү кадрларды тартуу татаал болду”, - дейт продюсер.
Тасмада роль жараткандар: Жоробек Аралбаев, Жамиля Сыдыкбаева, Атай Өмүрбеков, Улан Жумабаев, Максат Үсөнов, Шумкар Бейшеналиев, Радик Эшимов.
Бажалардын биринин ролун аткарган Улан Барпиев: “Элге жаккан бажалардын окуясын улантып жатабыз. 3-бөлүк 1-2-лерге караганда чоңураак бюджетти талап кылды. Элден суроо-талап болсо, балким, 4-бөлүгүн да тартабыз", - дейт.