БАЭнин Абу-Даби шаарында жиу-житсу боюнча Дүйнө чемпиондугу өтүп, ага 70тен ашык өлкөнүн спортчулары катышты. Кыргыз өлкөсүнүн атынан алгачкы жолу 14 спортчу катышты.
Анда 85 килограмм салмакта Абдурахман Муртазалиев күч сынашып, катары менен 4 атаандашын жеңип, финалга аттанган. Алтын медаль үчүн беттеште орусиялык Абдулбари Гусейнге жеңилип, күмүш медалга татыды.
Ошондой эле жаштар арасында Гиёсов Махди жана Абдыбеков Шабданбек коло байгеге ээ болушту.
Абдурахман Муртазалиев Кыргыз өлкөсүнүн жиу-житсу федерациясынын президенти болуп саналат, ал мамлекет колдоп жатканына ыраазычылык билдирди. Ошондой эле федерацияга азыркы учурда Тимур Файзиев колдоо көрсөтүп жатканын белгиледи. “Тимур Азаматовичтин колдоп жатканына ыраазычылык билдиргим келет. Ал биздин команданы экипировкалар менен камсыздап берген, биз мелдешке жакшы дем-күч менен бардык”, – деди ал.