Сургут шаарынын Дорожный айылында жайгашкан турак үйдөн чыккан өрттөн Кыргыз жарандары каза тапты. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка таянсак, кырсык 26-ноябрь күнү таң эрте саат 09:00 чамасында катталган. Анда жыгачтан салынган эки кабаттуу турак үй өрттөнгөн.
"Каза болгон Кыргыз жарандар жубайлар болгон. Алар Ош облусунун Алай районунун тургундары экени аныкталды. Маркумдар 41 жаштагы Ш.У жана 37 жаштагы К.А. аттуу жарандар ал жерде батирде жашаган. Алардан тышкары өрттүн кесепетинен 6 адам жабыркаган. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда", - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, каза тапкан эркек кишинин сөөгү Кыргыз диаспорасы аркылуу Ош шаарына бүгүн, 29-ноябрда жөнөтүлөт. Ал эми жубайынын сөөгү документтери даяр болгон соң алып келинет.