3-августтан 8-августка чейин Жети-Өгүз районунун бир катар айылдарында үйлөрдү, эгин талааларын каптаган сел 5 миллион 154 миң сомдук чыгым алып келди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, сел каптоолор Тамга, Тосор, Барскоон, Кызыл-Суу айылдарында болгон.