Аламүдүн районунда 19 жаштагы жигитти өлтүрүүгө шектелген 4 адам кармалды

Чүйдүн Аламүдүн районунда адам өлтүрүүгө шектелген 4 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен маалымдалды.

Маалыматка ылайык, 29-ноябрда милициянын нөөмөт бөлүмүнө төмөнкү Ала-Арчада белгисиз адамдар тарабынан жаранга кол салуу болгон деген билдирүү түшкөн. Опер кызматкерлери чакырылган жерге келгенде, беткап кийген төрт адам жергиликтүү 46 жаштагы адамдын үйүнө кирип, анын 19 жаштагы улуу баласына бычак сайышканын айтышкан. Белгисиз төрт адам окуя болгон жерден изин суутуп кетишкен. Андан кийин 19 жаштагы жигит эсине келбей алган жаракатынан каза болгон.

Бул кылмышка шектелип 18-19 жана 21 жаштагы төрт адам кечээ, 30-ноябрда кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул факт "Адам өлтүрүү" беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда тергөө-иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Erik2018
2019-12-01 10:53:33
Mm
-4
Belek1710
2019-12-01 12:03:31
Айбандар!
+1
Gulya78
2019-12-01 19:57:37
Жапжаш эне сүтү оозунан кетелек балдар киши өлтүрүп жатышат өкүнүчтүү
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан