Бишкекте турак жайдан өрт чыгып, 5 киши жабыр тарткан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"2-декабрь күнү саат 15:41де Бишкек шаарынын Ленин районундагы Стаханов көчөсүндө жыгач устундуу, шифер жабылган 2 кабаттуу турак үйдөн өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен эки жаран колунан күйүк алган, бирөөсү күйүк алып, ууланган. Ошондой эле эки жаш бала түтүнгө ууланган. Өрт эки батирдин 90 чарчы метр чатырын жалмап, үй буюмдары жана кийим-кечелери күйүп кеткен. Жабырлануучулар "Тез жардам" кызматы аркылуу №3 жана №4 ооруканага жеткирилген. Учурда абалдары туруктуу. Өрттүн себеби электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу", - деп билдирет ӨКМнын басма сөз кызматынан.