Бишкекте алдамчылык кылганга шектелип 25 жаштагы жаран кармалды. Октябрь райондук соту кармалган жаранды үй камагына алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу аталган райондун Ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматынан кабарлады.
"11-ноябрда Октябрь РИИБине М.К. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Жабырлануучу ушул жылдын 23-майында Шенген визасын алганга жардам берем деп 1 миң 200 доллар акча каражатын алып, бүгүнкү күнгө чейин жашынып жүргөн Ж.Ж. аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Тергөө иштеринин алкагында шектүү катары 1994-жылы туулган Ж.Ж. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Октябрь райондук соту шектүүнү үй камагына чыгарды", - деп кабарлады басма сөз кызматынан.
Учурда айыпталуучунун мындан башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендигин аныктоо максатында кошумча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Эгерде сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо төмөнкү номерлерге байланышып коюңуздар.
Байланыш номерлер: 0(502)102-327, 0(552)102-474 же 102.