Баткенде бодо мал уурдап, этин сатып жүргөн топ кармалды. Арасында аял киши дагы бар

Баткендин Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында бодо мал уурдаган деген шек менен 3 эркек, 1 айым кармалды. Алар уурдалган малды союп, этин сатып жүргөнүн Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык ушул жылдын июнь айынан бери Үч-Коргон аймагында жашаган жашоочулардын бодо малдары түн ичинде мал сарайынан, үлүш жеринде байланып турган жеринен уурдалып жүргөндүгү тууралуу жашоочулардан арыздар келип түшкөн.

"Кадамжай РИИБинин кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, Кызыл-Кыя шаарынын 27 жаштагы П.К. аттуу тургунун, Ноокат районунун И.Ш. аттуу 31 жаштагы (аял киши) тургунун, Үч-Коргон айылынын 27 жаштагы А.Н. аттуу тургунун Кызыл-Кыя шаарынан кармашкан. Ал эми 27 жаштагы Н.О. аттуу Үч-Коргон айылынын тургуну Бишкек шаарынан кармалган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалгандар Үч-Коргон айыл аймагынан жалпысынан 10 баш бодо малды уурдап, Кызыл-Кыя шаарындагы ээн талаага алып барышып аларды союп, этин дүкөндөргө, ашканаларга өткөрүп жүрүшкөндүгү аныкталды. Азыркы күндө жогоруда кармалган жарандар убактылуу кармоо жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат", - деди маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
murat17
2019-12-03 16:59:46
тажикке окшош экен булар же аяшавалар аралашып кеткенби
-4
Jacob.
2019-12-03 17:16:57
Мал союлганын любой эле адам көрсө керек, анын несин жашырасыңар, сезгенчээк деп.
+2
Mustafo
2019-12-03 17:31:23
Мынча түрү суук булардын.
+2
gul.gul
2019-12-03 17:53:50
murat17 сага окшоп жер болуп жазгандарды камыр кылып кайра жууруп салса
-1
murat17
2019-12-03 21:52:42
gul.gul,чычалабачы оз тилинден намыстанасынбы аяш ава деп суйлойсун да туурабы
-3
Dembele84
2019-12-03 19:45:43
Аял кыргызга окшош экен,ошол агент болуп наркы сойгучтарга таап берет окшойт,каерден уурдаса болот
+4
Daniel01
2019-12-03 19:49:17
Булардын катындары точна кийим апересин деп тополон кылышканго
+1
Nur777
2019-12-04 01:23:25
Daniel01,Аббересин дедимби аббересин,манга аббербегенде кимге аббересин! деппи...
-1
murat17
2019-12-03 22:08:25
27 жаш дейт 47 жашка окшош
0
bond02
2019-12-03 23:15:50
Биздин кыз оной окаатка кызыгып кошулуп алыптыр да аларга, керек учурда «выручать» этип да турса керек аларды.
+2
Zhoro
2019-12-04 17:19:34
Соз жок Кыргыз кызына да тажиктерге да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан