Бишкекте 4 килограмм 48 грамм баңги затын алып жүргөн жарандар кармалды. Бул факты боюнча кылмыш иши ачылып, тиешелүү иштер жүрүп жатканын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлады.
"2-декабрга караган түнү Новопокровка айылынын Ленин көчөсүндө жайгашкан “Сабырбек” аттуу дүкөндүн жанында токтоп турган мамлекеттик номурдагы (05 KG 867 АВА) “Субару Легаси” үлгүсүндөгү автоунаасы текшерүүгө алынган. Унаанын ичинде 1992-жылы туулган Мырзабек уулу Нурбек, 1993-жылы туулган Тумаев Майрамбек Муратбекович, 1994-жылы туулган Ыйманкулов Турар Майрамбекович жана 2000-жылы туулган Жүрсүнов Максатбек Камилович аттуу жарандар болгон.
Автоунааны тинтүүгө алганда ичинен жылтырык баштыкка оролгон 6 даана түйүнчөк, 2 даана желим бөтөлкө табылып, ичинде өзгөчө жыты бар, өңү жашыл түстөгү баңги затына окшош заттар алынган. Алынган заттарды таразага тартканда 4 килограмм 48 грамм салмакты түзгөн.
Аталган окуя 268-берененин 2-бөлүмүнүн негизинде кылмыш иши козголду", - деп жазылат маалыматта.