Ошто массалык мушташ орун алып 21 жаштагы жигит жаракат алды

Ош шаарындагы кафелердин биринде массалык мушташ орун алып, бир жаран октон жаракат алгандыгы айтылды. Маалыматты шаардык ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынан тастыктады.

Маалыматка ылайык, 26-ноябрда ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан маалымат келип түшкөн.

"Кафелердин биринде эс алып отурган Ош шаарынын 25 жаштагы эки тургуну аларга жакын отурган 21 жаштагы эки бала менен сөз талашып уруша кетишкен. Мушташтын кесепетинен 21 жаштагы жигиттердин бири ооруканага кайрылып, медициналык жардам алгандан кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Дарыгердин айтымында, жаракат алган 21 жаштагы жигитке ок же учтуу буюм тийген. Бирок мушташтын катышуучуларын суракка алганда алар жанында эч кандай курал болбогонун айтышкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда тергөө иштери улантылып жатат", - деп билдирет маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nevestkaa
2019-12-04 01:25:12
4эле адамдын мушташы массалык болуп калабы?Мугташкандан кийин заявление жазбайле койбойбу эркек болуп.
-4
Tolkun555
2019-12-04 07:06:40
Nevestkaa,эркек болгон жакшы.кафенин апасын чыгарып алайын десе керек да
-2
Tolkun555
2019-12-04 07:07:28
Tolkun555,акчасын
-2
Jacob.
2019-12-04 08:53:17
Эркек болсо сөз талашпай боло турган нерсе талашпайбы.
-2
assr
2019-12-04 19:06:53
кыргыз кыргыз кыргызбай
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан