Бишкекте унаанын ичинен телефон уурдаганга шектелип, 23 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте унаанын ичинен телефон уурдаганга шектелип, 23 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-октябрда Биринчи Май РИИБине жаран арыз менен кайрылган. Арызда 6-октябрь күнү саат 20:00 чамасында Калыс-Ордо жаңы конушунан Мерседец-Бенц унаасынын ичинен белгисиз жарандар уюлдук телефонун уурдап кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 23 жаштагы О.А. аттуу жаран кармалды. Учурда ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайында киргизилип, териштирүү иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан