Милициянын генерал-майору Талантбек Исаевге ачылган кылмыш иши токтотулду

Милициянын генерал-майору Талантбек Исаевге ачылган кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, иш кечээ, 3-декабрда токтотулган.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринде Талантбек Исаевге карата иште кылмыштын курамы аныкталган эмес.

Ал эми УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы 23-октябрда Талантбек Исаевге карата кылмыш ишин ачкан. Анда ага "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси коюлган.

Талантбек Исаев 2018-жылдын 11-октябрында Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын башчылык кызматына дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Jaznura
2019-12-04 15:49:17
Күнөөсү далилденген эмес болсо камалбайт да. Мыйзам алдында баары бирдей.
+2
altyn-kumush
2019-12-04 15:56:41
Кылмыш ишин козгоодо далилдерге гана таянуу керек, божомолдор менен болсо токтойт да
-1
aiba_00
2019-12-04 15:58:01
Сразу токтогон го.
0
chake
2019-12-04 15:59:01
УКМКа чакырса эле мени камап койот деген туура эмес куноосу далилденбесе кантип камап салмак эле
-2
Aimani
2019-12-04 16:22:04
Иниси депутат болсо токтойт да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан