Жалал-Абадда опузалап ири өлчөмдө акча талап кылган деген шек менен 4 жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз катчысы Шеркул Турганбаев билдирди.
"24-ноябрь күнү Амантур, Бойка, Нупу, Боко (каймана аттары) аттуу жарандар шериктери менен Кербен шаарынын борборунда жайгашкан “Талант” автосервисине барып, Т.К. аттуу жаранды коркутушкан. Алар белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал такап, жабырлануучудан 500 миң сом бересиң деп опузалап акча талап кылышкан. Андан соң жабырлануучуну Кербен шаарынын четине унаа менен алып барып "акча бербесең өлтүрүп коёбуз" деп коркутушкан.
Мындан улам жабырлануучу 25-ноябрда Жалал-Абад ОИИБине арыз жазган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "опузалап талап кылуу" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон Өзгөн районунун тургуну 1994-жылы туулган А.А., Аксы районунун тургундары 24 жаштагы С.Н. жана 20 жаштагы С.А. ошондой эле Таш-Көмүр шаарынын тургуну 22 жаштагы А.К. кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Азыркы убакта алардын мындан башка жасаган кылмыш иштерин аныктоо максатында тергөө, ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Бул жарандардан жабыр тарткандар болсо Жалал-Абад ОИИБинин нөөмөт бөлүмүнө же криминалдык милиция кызматына кайрылуусун кызматкерлер өтүнөт.
Байланыш телефону: 03722-7-05-30, 0778 11 78 11, 0553 33 18 33.