"Аймактар аралык касташууну козутуу" беренеси менен кармалган БеспределKG баракчасынын администратору Автандил Жоробеков үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматынан кабарлады.
"Бүгүн, 5-декабрда Биринчи Май райондук сотунда Автандил Жоробековдун баш коргоо чарасы каралды. Соттун чечимине ылайык, ал үй камагына чыгарылды", - деди басма сөз кызматынан.
Буга чейин аймактар аралык касташууну козутуу фактысы боюнча социалдык тармактын активдүү колдонуучусу кармалганын УКМК билдирген. Кармалган жаран БеспределKG баракчасынын администратору Автандил Жоробеков болгон. Ал 2020-жылдын 24-январына чейин камакка алынган.