Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков катышкан жол кырсыгында 4 адам каза болгон. Бул окуяны тергөө аяктап, иш сотко өттү. Маалыматты Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"7-июлда орун алган жол кырсыгы иликтенип бүттү. Топтолгон материалдардын баары Ысык-Көл райондук сотуна өткөрүлүп берилди", - деди маалымат кызматынан.
Окуянын чоо-жайы:
7-июлда Lexus ES 300 менен BMW Х7 үлгүсүндөгү унаалар жол кырсыгына кабылып, Lexus ES 300 унаасында бара жаткан 4 адамдын баары каза болгон. Экөө окуя болгон жерден жан берсе, экөө ооруканада көз жумган. Ал эми BMW Х7 унаасында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков жана айдоочу болгон. Алар кырсыктан кийин Бишкектеги 4-ооруканага жеткирилген.