Сокулук РИИБинин жетекчиси Максат Чойбеков Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунаасы менен каршы тилкеде келе жаткан жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн таңкы саат 04:00 чамасында Бишкек-Торугарт жолунда Максат Чойбеков өзүнө тиешелүү Мерседес-Бенц автоунаасы менен батыштан чыгышты көздөй бара жатып, каршы келе жаткан Мерседес-Спринтер жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Натыйжада жүк ташуучу унаанын айдоочусу Кант шаардык ооруканасына ар кандай жаракаттар менен жеткирилген. Андан тышкары, Максат Чойбеков аталган ооруканага кайрылып, амбулатордук түрдө дарыланып кеткен. Бүгүнкү күндө Ысык-Ата тергөө бөлүмүнүн кызматкерлери тергөө амалдарын жүргүзүп жатышат", - дешти басма сөз кызматынан.