Чүйдө турак үйдү тоногон деп шектелип, Ысык-Көл облусунун тургуну кармалды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда турак үйдү тоногонго шектелип, 28 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, август айында Аламүдүн РИИБине Мыкан конушунун тургуну белгисиз адамдар үйүнүн терезесин сындырып кирип, алтын буюмдарын жана 2 миң доллар акчасын уурдап кетишкенин айтып, арыз жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам тергөө тобу бул фактыга шектүү катары 28 жаштагы Ысык-Көл районунун тургунун кармашкан. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, башка кылмыштарга катыштыгы бар же жогу текшерилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан