Орусиядагы жол кырсыгы: "Аман калган 3 Кыргыз жаранынын абалы оор", - деп билдирет элчиликтен

Кечээ, 8-декабрь күнү Оренбург-Акбулак унаа жолунда Кыргыз жарандарынын катышуусундагы жол кырсыгынан каза болгон 4 Кыргыз жаранынын сөөгү тийиштүү процесстерден кийин өз мекенине жиберилет. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аман калган 3 Кыргыз жараны Соль-Илецк шаардык ооруканасына жаткырылган. Абалдары оор. Алар бүгүн стационардык бөлүмгө которулат. "Окуя элчиликтин көзөмөлүндө" деп билдирет басма сөз кызматынан.

Эске салсак, кечээ, 8-декабрь күнү Оренбург-Акбулак унаа жолунда Кыргыз жарандарынын катышуусундагы жол кырсыгы катталып, кырсыктын кесепетинен 4 Кыргыз жараны каза болгон.

Орусияда Кыргыз жарандары бара жаткан унаа жол кырсыгына кабылып, 4 жаран каза болду
Орусиядагы кырсык
Орусиядагы кырсыктан чыккан орт 4 кишинин өлүмүн алды
Орусиядагы жол кырсыгы: Аман калган үч жарандын абалы оор
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
sainazarov0555
2019-12-09 10:25:10
О Аллах жолдо жургондорду озун сакта
+12
JaneEr
2019-12-09 13:19:34
Границадан келе жатышканго.
+2
aiba_00
2019-12-09 14:29:23
JaneEr, Жок Кыргызстандан кетип бараткандар экен.
+2
Begimkyz
2019-12-09 19:10:35
Билеттин баасын арзандатып койсонор болот эле , акчанын айынан сууктун кунундо жанын оозуна тиштеп келем деп ушул кунго кабылып атышат. Жакындарына сабыр берсин!!!
+2
iryi1
2019-12-09 19:20:53
Жараткан Тенирим кырсыктан сактасын.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан