Бишкекте уурулукка шектелип, 24 жаштагы жаран кармалды. Ал 8 миң доллар акчаны уурдаганга шектелүүдө

Октябрь РИИБинин кызматкерлери уурулукка шектүү катары 24 жаштагы жаранды кармашты. Бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-декабрь күнү Октябрь РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызда белгисиз жарандар унаасынын терезесин сындырып, ичиндеги акча жана документтер салынган сумканы уурдап кетишкенин айтып, арыз жазган. Жалпысынан жабырлануучу 8 миң доллар акчага чыгым болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөө тобу шектүү катары 24 жаштагы Ж.Т. аттуу жаранды кармаган. Ал Октябрь райондук сотунун чечими менен эки айга СИЗО-1ге камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинде шектүүнүн унаасынын ичинен "Форт 12рм" үлгүсүндөгү тапанча, 4 патрон, бычак жана 2 рация, мамлекеттик унаанын номери, 3 кол кап жана башка дагы буюмдар алынган. Учурда тийиштүү бардык экспертизалар дайындалды.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bond02
2019-12-09 14:12:00
Охоо чыккан ууру окшойт, баардык инструменттер бар го.
+2
ninja82
2019-12-09 16:28:22
ооо,жетиииим...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан