Таласта 16 жаштагы кызды зордуктады деген шек менен кармалган 2 бала үй камагына чыгарылды

Талас шаарында 16 жаштагы кызды зордуктаганга шектелип кармалган эки бала үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Дайындалган тийиштүү экспертизалардын жыйынтыгы чыкмайынча, шектелип жаткан балдар өлкөдөн чыкпоо тууралуу түшүнүк катын жазып, үй камагына чыгарылды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө", - деди басма сөз кызматынан.

Талас шаарында 24-ноябрь күнү 16 жаштагы кыз зордукталганы боюнча маалымат тараган. Маалыматка ылайык, жабырлануучу шаардагы кесиптик колледждердин биринде билим алат. Кызды зордуктоого шектелип 2 жаран кармалган. Алардын бири 2001-жылы, экинчиси 2003-жылы туулган балдар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Belek1710
2019-12-09 21:44:13
Кыз зордоп жатса эмнеге үй камагына чыгарышат, камап турса болбойбу, түшүнүп болбойт органдарга!
+1
Absamat-90
2019-12-09 21:57:52
Экспертиза чыга элек турбайбы, балким такыр башкалар болуп калуусу да толук мүмкүн, сотторго эле акаарат айта берген туура эмес го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан