Чөнтөкчүлөр колго түштү. Бишкекте уурулукка шектелип кармалгандардын арасында 3 аял бар

Бишкектеги базарларда, соода борборлорунда жана коомдук транспорттордо уурулук кылган деген шек менен 10 адам кармалды. Алардын эң улуусу 49 жашта, эң кичүүсү 25 жашта. Маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Ушул жылдын 22-июлда Свердлов РИИБине М. А. аттуу жаран кайрылып, маршруттук таксиден 120 миң акчасын уурдаган жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн.

17-ноябрында Биринчи Май РИИБине М. Г. аттуу жаран кайрылган. Арыздануучу "Караван" соода борборундагы дүкөндөрдүн биринен баасы 70 миң сомдук пальтону уурдап кеткен белгисиз жарандарга карата чара көрүүнү суранган.

17-ноябрда Свердлов РИИБине К. К. аттуу тургун "ГУМ" соода борборунда жүргөндө күрмөсүнүн чөнтөгүнөн 12 миң сомдук телефонун уурдаган адамдарга карата чара көрүүнү суранган.

18-ноябрда Ленин РИИБине Ж. М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал белгисиз жарандар "Ош базарынын" аймагында баасы 18 миң сом болгон смартфонду уурдап, изин жашырып кеткенин айткан.

19-ноябрда Ленин РИИБине шаар тургуну О. А. белгисиз жарандарга карата чара көрүүнү өтүнүп кайрылган. Анда 19-ноябрда саат 13:30да "Ош базарынын" аймагында жүргөндө сумкасындагы капчыгын уурдап кетишкени айтылган. Капчыкта 1700 сом, 100 рубл жана паспорт болгон.

20-ноябрь күнү Ленин РИИБине Ж. Б. аттуу тургун Бейшеналиева көчөсүнөн автобуска отурганда чөнтөгүнөн 10 миң 500 сомдук смартфонун белгисиз жарандар уурдап алганын айткан.

21-ноябрда Октябрь райондук РИИБине шаар тургуну С. З. арыз менен кайрылган. Анда маршруттук таксиде бара жатканда чөнтөгүнөн 11 миң сомду түзгөн смартфонун белгисиз адамдар уурдап кеткенин айтып, тиешелүү чара көрүүнү суранган.

2-декабрда Ленин РИИБине шаар тургуну Д. Б. телефонун уурдагандар жарандарга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Арыздануучу Киев менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинен баасы 11 сомдук телефонун чөнтөгүнөн уурдап алганын билдирген.

7-декабрда Ленин РИИБине шаар тургуну Д. З. кайрылып, Бейшеналиева жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамадан күрмөсүнүн чөнтөгүнөн 11 сомдук телефонун уурдагандарга карата чара колдонууну суранган.

8-декабрда Ленин РИИБине Т. Э. аттуу жаран "Ош базарында" жүргөндө сумкасынан 6 миң сомун уурдатып алганын айткан. Мындан тышкары, арыздануучу паспортун дагы уурдатканын билдирген.

Жогорудагы фактылардын баары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачлган.

Биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр кармалган. Алар:

1970-жылы туулган Э.Г.;

1980-жылы туулган Т.Ш.;

1981-жылы туулган М.У.;

1981-жылы туулган К. И.;

1985-жылы туулган И. А.;

1986-жылы туулган О.С.;

1988-жылы туулган К.А.;

1989-жылы туулган Э.А.;

1989-жылы туулган К.А.;

1994-жылы туулган Н.Э.

Кармалган жарандар Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иликтөө иштери улантылып, шектүүлөрдүн мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендиги тергелип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Sardarakam
2019-12-09 22:24:40
Атууга кетирсин окум чыгарылсын атууга.
+7
555-777
2019-12-09 23:06:34
Булардын ошол чөнтөккө кирген эки колунун тең, сөөмөйү менен ортоңку бармагын кесип салыш керек, дейин десең булар мелийсалар менен тыгыз байланышы бар мафиялар. Бир жумадан кийин чыгып кетишет.
+5
aiba_00
2019-12-10 09:30:32
555-777,Ооба да, ушул эле Суперстанда бир карманшиктин окуясы бар го, Ош базарга кандай кылып ызы чуу кылып уурулук кылгандары. Кайра эле акча берип чыгып кетээрин, акчасын коргондо артынан калбай журуп уурдап кеткендерин. Карапайым элдин канын сорушат го.
+2
Mina24
2019-12-09 23:09:27
Суротун толук чыгарыш керек мвд козун жапай
+6
JaneEr
2019-12-09 23:37:53
11 сомдук телофон барбыкен ыя?
+4
bond02
2019-12-10 00:44:32
Охоо дени сак алты саны аман немелер, мындан башка дагы эмне жетпейт силерге иштеп акча тапканга.
+5
aiba_00
2019-12-10 09:26:41
bond02, Ошо да жаш дейин десен токтолчу деле жашка жетип калыптыр,булар балдарын кантип тарбиялашат, ууру кылба, ушак суйлобо деп тарбиялайбы эми.
0
portugalia
2019-12-10 01:31:16
Ондору,тустору деле козго серт корунушот экен тообо кылдым.
+5
xnurgul_gul
2019-12-10 01:33:34
Канча адамдарды какшатып ыйлатты экен булар, менин синдим 100сомдон 50сомдон бекитип журуп ыйлап сыктап телефон алды эле алганына 4кун болгондо тынчытып коюшту ушуга окшогон арам тамактар
+6
Belek1710
2019-12-10 08:01:42
Калп айтпасам ушул кыз мурда дагы уурулук кылып жүрөт деп шектелип кармалды беле, көзүн ачып эле койбопсуңар, оңолбойт окшойт!
+2
kuluch-78
2019-12-10 09:27:21
Жазгандан кийин текшербейсинерби? Кичине меенет кылгылачы суперчилер, соз жок канча ката жазылган
+1
didu
2019-12-10 12:40:22
суйлошо алган эместа участковый менен
+2
Sardarakam
2019-12-10 13:55:59
Өлүп калган адамдарга окшотуп көзүн жааб койуптурго. Булар ит өлүктөй
болуп чирип өлсүн жети сааны аман тууруп урулук кылганыңар ушу силерге кудай неге касал оору берген эмес таң калдым. Мээңе теркирлер силердин мээңерге тебиш керек чачырата Эшек мээлер силерди арам оокат жеген айбандар чаңга оонаган эшектин мээси силерден жакшы иштейт. Силердин мээңерге бирө тееп койгон экенда ошон үчүн ушундай иш кылып жүрөсүңөр арам оокат ичкен арам сийдик адамсыңар Тфу Тфу Тфу
0
Aituwas
2019-12-10 19:49:35
Ушуларга жалган жалаа жаап болсо да турмого тыксанар боло....канча кылмыштын бети албай турат....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан