Орусияга 4 жылга Олимпиада оюндарына катышуусуна тыюу салынды

Дүйнөлүк антидопинг агенттиги (ВАДА) Орусия спортчуларына Олимпиадага катышуусуна 4 жылга тыюу салды. Мындай чечимди бүгүн, 9-декабрда ВАДАнын аткаруучу комитети чыгарды.

Эми Орусия спортчулары ири дүйнөлүк мелдештерге катыша албайт. Бул Олимпиада жана Дүйнө чемпиондуктарына да тиешелүү. Орусия 4 жыл ичинде ири мелдештерди кабыл алуусу да мүмкүн эмес. Ошондой эле Орусия чиновниктери Олимпиада жана башка ири мелдештерге бара алышпайт. Орусия тарап ири айып төлөөсү керек.

Таза спортчулар Олимпиада жана Дүйнө чемпиондуктарына нейтралдык статус менен катыша алышат. Алар желеги жана гимни жок катышат.

Бул чечим Москванын антидопингтик лабораториясынын маалыматтарын текшерүүдөн кийин чыгарылды. Анда 2012-2015-жылдары допинг колдонгон спортчулардын маалыматтарын алмаштырып турушканы ачыкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Eka.kg
2019-12-09 17:48:50
Жакшы жаңылык)
+19
Eka.kg
2019-12-09 17:49:15
Ушул орусияны такыр эле четтетип салышса жакшы болмок!
+21
Kalnazarov89
2019-12-09 18:08:54
Орустарга дунуйо жузу каршы.
-15
Eka.kg
2019-12-09 18:14:36
Kalnazarov89,Орустарга эмес, Путинге каршы! Башка сайттарда орустарга сүйүнүп жүрүшөт Путинге ырас болду деп!
+19
monok2001
2019-12-09 18:11:31
Орустарын бар Кыргызстандыктар Орусияда кыргызстанда жургондой эле болуп журушот
-11
Eka.kg
2019-12-09 18:15:14
monok2001,Сен орусияны мактай бер! Орустар керек болсо өздөрү Европа менен КШга качып калды!
+19
monok2001
2019-12-10 00:28:37
Койчей. Башка нерсе болсо же карыздан кечсе Путин мактап болбой каласынарго. Адилетуулук да керек туугандар. Мен Орусияны мактаган жокмун. Болгону оз оюму айттым
+11
Eka.kg
2019-12-09 18:17:10
Путин бул - Горбачёв v2.0
©
+13
1.Eka
2019-12-09 18:25:29
Башка сайттарда жазылган ой-пикирлер.

+13
1.Eka
2019-12-09 18:25:45
"Власть сказочного губит Россию! Страна в изоляции! Просто позор! Но РУССКИЙ человек терпит - и ещё потерпит. Проведём в крыму свой чемпионат! Не на улицы же нам как в Европе выходить!"
+13
1.Eka
2019-12-09 18:34:49
Путин өзү менен кошо, Кыргызстан менен Казакстанды да талкалап кетет!
+19
Alia82
2019-12-09 19:46:19
1.Eka,не деп галдирап койгонсун, россия болбосо кытай мн америка каалагандай калчап ойномок кырг.ды,биздин чондорду акчага оной эле сатып алып...
-3
Alia82
2019-12-09 19:51:45
1.Eka, сен жоноткон коментарийлер бир гангирбашты ээрчиген козу кор, кулагы керен зомбилер, россия Путин келгенге чейин кандай эле, келгенден кийин кандай болду ошонуле билип алсан жетет, ашыкча создун кереги деле жок, факт остается фактом, чачылып, жок болуп кетуу коркунучунда турган россияны сактап калганын тарыхтан эч ким очуралбайт. Путин Ельциндин ордуна и.о.болуп келип, 3 айда результат корсотуп койгон, аны мен ошол учурда орустар мн аралашып жашап журуп оз козум мн коргонмун
+6
taalay25
2019-12-10 16:26:48
1.Eka, ойлонуп жазчы
-1
Mirlan27011987
2019-12-09 19:09:01
Путин молодец. Колдойм.
-5
Dembele84
2019-12-09 19:56:13
Спорт жонундо тема болсо да сразу политикага кирип кетет экенсинер да.Этияттагыла!!!
-15
bekmaral
2019-12-09 20:30:33
Путин болбосо НАТО Россияны басып алмак.Жыргап Америкадай жашабаса да зато Кытай качан карызын сурайт экен.Америка качан басып алат экен дебестен армиясын кучтуу кылып душмандарынан коркпой отурат.Бизге окшоп тажик озбекке жерин алдырып коюп олтурбайт.
-6
Azatbek.Svoboda.
2019-12-10 12:00:27
Айта беришет бул биринчи эмес.Орустар кайра эле ойной беришишет.Кореяда да ошонусуна карабай ойноп келиштиго!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан