Сокулук РИИБинин жетекчиси катышкан жол кырсыгы. Сотко чейинки өндүрүш ишти УКМК жүргүзөт

7-декабрда Бишкек-Торугарт жолунда Сокулук РИИБинин жетекчиси Максат Чойбеков катышкан жол кырсыгы боюнча объективдүү иликтөө жүргүзүү үчүн сотко чейинки өндүрүш иши УКМКнын Чүй облустук башкармалыгына жөнөтүлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык бул иш учурда ИИМдин жетекчилеринин көзөмөлүндө. Ошондой эле ички кызматтык иликтөө дагы жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Окуянын чоо-жайы:

7-декабрда Бишкек-Торугарт жолунда Сокулук РИИБинин жетекчиси Максат Чойбеков өзүнө тиешелүү Мерседес-Бенц автоунаасы менен батыштан чыгышты көздөй бара жатып, каршы келе жаткан Мерседес-Спринтер жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Натыйжада жүк ташуучу унаанын айдоочусу Кант шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат.
Андан тышкары, Максат Чойбеков аталган ооруканага кайрылып, амбулатордук түрдө дарыланып кеткен.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alimbek1000
2019-12-09 19:10:58
УКМК жакшы иштеп жатат. Коррупция менен болгон күрөштө да канча деген жемкорлорду кайра кустуруп жатышат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан