Күрөш боюнча кыз-келиндер арасындагы улуттук команда Ысык-Көлдө машыгуу өткөрүүдө. Машыгуу Чолпон-Ата шаарында 2-декабрдан 19-декабрга чейин уланат.
Кыргыз командасынын курамы:
50 килограмм: Назик Мирлан кызы жана Каныкей Анварбекова;
55 килограмм: Айжаркын Нурланбек кызы;
57 килограмм: Нураида Анаркулова;
59 килограмм: Назира Марсбек кызы жана Дилноза Сазанова;
62 килограмм: Айсулуу Тыныбекова;
76 килограмм: Айпери Медет кызы;
Башкы машыктыруучу: Нурбек Изабеков.