Бишкектин Некрасов жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жарандар тарабынан ок атышуу орун алды. Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 9-декабрь күнү саат 20:30 чамасында болгон.
Бул маалыматты Бишкек ШИИББи тастыктап, факты катталганын билдирди.
"Учурда ыкчам иликтөө тобу окуя болгон жерде иштеп жатышат. Кошумча маалымат берилет", - деди басма сөз кызматынан.