Милиция кызматкерлери тарабынан бейбаштыкка шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Ата РИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-декабрь күнү Ысык-Ата РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Ш.У. аттуу жарандан Бишкек-Торугарт жолунда бир нече адамдын мушташып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган ыкчам иликтөө тобу мушташка катышкандарды кармап, кайрылган адамга тиешелүү травматикалык тапанча табышкан. Бул факты "бейбаштык" беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Сотко чейинки өндүрүш учурунда милиция кызматкерлерине кайрылган жаран саат 01:00 чамасында 4 кебетеси азиялык болгон белгисиз жаран ВАЗ2107 унаасы менен Токмоктон баштап алардын артынан кууп, жолдун чекесине кысып чыгарып, аны жана жүргүнчүлөрдү себепсиз сабаганы тууралуу арыз менен кайрылган. Белгисиз адамдар жабырлануучунун травматикалык тапанчасын, документтерин жана унаасынын ачкычын алып койгон. Жүргүнчүлөр да өз кезегинде арыз менен кайрылып, факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Андан сырткары, 23 жаштагы А.С., Ш.Ж., А.Н. жана 22 жаштагы А.А. Мерседес-Бенц үлгүсүнүн айдоочусу Ш.У. жана анын жүргүнчүлөрүнүн үстүнөн арыз жазышкан. Аталган арыз да Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, мурунку соттук өндүрүшкө чейинки ишке кошумчаланган. Иликтөөнүн жыйынтыгында жогорудагы 4 жаран үй камагына алынды. Сотко чейинки өндүрүш иши уланып жатат.