Кечээ, 9-декабрда Бишкектин Чапаев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жарандар тарабынан ок атышуу орун алганы маалымдалган. Анын кесепетинен 3 адам жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Жабырлануучулардын бүгүнкүгө карата алынган абалы тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан маалымат берди.
"9-декабрда Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 3 жаран кайрылган. Алардын бири 1988-жылы туулган А. А. анын белинин сол жагына жана оң санына ок тийген. Санга тийген ок сөөгүн сындырып кеткен. Ага диагностикалык лапартомия жасалып, ички органдары текшерилген. Ок хирургиялык жол менен алынып, бейтап оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Экинчи жабырлануучу К.Э. 1988-жылы туулган. Анын бутунун балтыр бөлүгүнө ок тийип, оң санына ок учкай тийген. Жабырлануучунун балтырындагы ок алынган. Абалы орто деп бааланууда. Ал эми үчүнчү жабырлануучу 1989-жылы туулган О.К`нын бутунун кызыл ашыгы сынган. Абалы канааттандырарлык деп бааланууда", - деп кабарлады маалымат кызматынан.
ИИМ ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө 24 жаштагы Т. уулу И. жана М.Н. аттуу жарандар шектүү катары кармалганын билдирген. Кармалгандардын жанынан Макаров тапанчасы алынган. Шектүүлөр менен жабырлануучулардын баары Токтогул районунун тургундары экендиги аныкталып, алар 1 жарым жылдан бери бири-бири менен касташып келгендиги маалым болду.