Бишкекте 43 жаштагы кишини бычактап өлтүрүүгө шектүү кармалды

Бишкек шаарында киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 2-декабрда Оренбург көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн ичинде адамдын жансыз денеси табылган. "Окуя болгон жерге Биринчи Май РИИБинин тергөө тобу барып, бычактан жаракат алган жансыз денени табышкан. Бул факты "адам өлтүрүү" беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Маркум 1976-жылы туулган Р.Ю. аттуу жаран болгон. Бул кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган Б.Е. аттуу жаран кармалган. Тергөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан