Кыргызстандык спортчу Хайрулло Кокиев АКШда өткөн эрежесиз мушташтын NAGA грэпплинг түрү боюнча эл аралык мелдеште алтын медалдын ээси болду. Бул тууралуу КРнын Эрежесиз мушташ федерациясынын президенти Эмил Токтогонов билдирди. Мелдеш 10-августта АКШнын Чикаго шаарында өттү. Кокиев 85 килограммдык салмакта 3 беттеште тең атаандаштарын жеңип, алтын медаль тагынды.