8-декабрь күнү Оренбург-Акбулак унаа жолунда Кыргыз жарандарынын катышуусундагы жол кырсыгынан каза болгон 4 Кыргыз жаранынын биринин сөөгү кечээ, 9-декабрда өлкөгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
"Кечээ бир жарандын сөөгү жөнөтүлсө, бүгүн дагы бирөө жөнөтүлөт. Бул жакта маркумдардын ДНКсы текшерилип, туугандары такталып анан кетирилип жатат", - деди элчиликтен.
Оренбург-Акбулак унаа жолунда Кыргыз жарандарынын катышуусундагы жол кырсыгы катталып, кырсыктын кесепетинен 4 Кыргыз жараны каза болгон. Ал эми жабыркаган 3 жарандын да абалы оор экени айтылган.