Жалал-Абадда көмүр сатып келе жаткан баладан "общактын атынан шайланганбыз "отметка" бересиңер" деп опузалап, акча талап кылгандар кармалды

Жалал-Абадда "общактын атынан шайланганбыз "отметка" бересиңер" деп акча опузалагандар кармалышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-декабрь күнү Токтогул РИИБине Чүй облусунун тургуну 22 жаштагы М.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда ошол эле күнү саат 16:30 чамасында Токтогул районунун Жаңы-Жол айылынан досу менен көмүр сатып келе жатканда жолунан бейтааныш болгон балдар тосуп чыккан. Алар өздөрүн Дастан, Адилет жана Эрнист деп тааныштырып, "биз Токтогул району боюнча общактын атынан шайланганбыз, ушул жерде көмүр менен иштегендердин бардыгы бизге “отметка” берет. Эгерде жолдо жаман бир кырсык болбосун десеңер, анда 10 миң сом төлөп турушуңар керек. Каршы болсоңор, силерди ушул жолдон эле жок кылабыз”, - деп коркутушуп акча талап кылышкандыгын билдирген.

"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "опузалап талап кылуу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Ыкчам иликтөө тобу иш-чараларды жүргүзүп, шектүү катары мурда каракчылык фактысы менен соттолгон 1995-жылы туулган Т.Ж.ны "бейбаштык" беренеси менен соттолгон, 1987-жылы туулган Т.С.ны жана 1986-жылы туулган Ы.Э.ны кармашкан. Шектүүлөр Токтогул РИИБинин убактылуу кармоочу жайына 2 айга камакка киргизилди. Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугу такталып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KG-zigit
2019-12-10 16:11:50
Он жаагына тамга басып койгула,анан журо беришет биз шайланганбиз деп туболук
+5
Belek1710
2019-12-10 16:30:19
Ушуга окшогондордун катуу жазасын бериш керек өзү эсинен кеткис кылып.
+4
ilgizk
2019-12-10 22:24:09
1 сөөмөйүн кыркып салыш керек буга окшогондорду
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан