Ырчы Минюра Рахимжанова 11-декабрь күнү Орусиялык мамлекеттик Кремль ак сарайында орусиялык белгилүү композитордун концертинде ырдайт. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.
"Жайында Крымда өткөн "Таврида" деген форумга барган элем. Анда таланттуу жаш ырчылар чогулуп, ар кандай сынактар өткөн, ар тараптуу мектептерден билим алышкан. Мен жаз-вокал багытын тандап, Орусия Федерациясынын Эмгек сиңирген артисти, пианист, композитор, дирижёр Сергей Жилиндин мектебинде окугам. Жилин эртең, 11-декабрь күнү Орусиянын Мамлекеттик Кремлинде жеке концертин берет. Ал жакка Кыргыз өлкөсүнөн мен да чакырылгам. Буюрса, эртең концертте "Таврида" тобунун курамында чыгам", - дейт Минюра.