Сокулукта чет элдик жарандын акчасын жана унаасын уурдаганга шектелип 1 кыз, 2 эркек кармалды. Кылмышка шектүүлөр СИЗО-1ге киргизилгенин Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлады.
Жабырлануучу 5-декабрда Сокулук РИИБине арыз менен кайрылган. Айтымында, белгисиз 3 жаран анын үйүнө кирип, бычак такап, 70 миң сомдон ашык акчасын алышкан. Андан сырткары, короодо токтоп турган Форд Мондео унаасын айдап, белгисиз тарапка качып кетишкен.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене (каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Ыкчам тергөө амалдарынын алкагында шектүү катары 1 кыз, 2 эркек кармалып, СИЗО-1ге киргизилген. Ал эми уурдалган унаа Нарын облусунун Жумгал районунан табылган
Учурда сотко чейинки тергөө иштери улантылып жатканын кошумчалады маалымат кызматынан.