Бишкекте баңги затын сактап жүргөн деп шектелип 20 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте шаар тургуну баңгизат сактап жүргөнгө шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-декабрь күнү Биринчи Май РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө маалымат түшкөн. Анда Көлмө жаңы конушунда жашаган жаран баңги затын сактап жана өзү дагы колдонуп жүргөнү тууралуу айтылган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Ыкчам иликтөө тобу шектүү катары 20 жаштагы Ж.А. аттуу жаранды кармашкан. Шектүүнүн үйүн тинтүүгө алышканда 1 килограмм 106 грамм өлчөмдөгү кара куурай табылган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shabi
2019-12-12 03:58:21
20жаш.жашабай жатып бангизат ташып эмне кылат.Арамдын арты,баары бир арам.Эгер ошол нерседен жакшылык тапса,анда мен да жакшылыкты ушул жолдон издемекмин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан