Кызыл, жашыл, көк. Чач жасалгасы менен өзгөчөлөнгөн жылдыздар

Кыргыз эстрадасында чачынын өзгөчө түсү, өзгөчө чач жасалгасы менен айырмаланган жылдыздар бар. Аларды бир көрсөң чачы жашыл болот, бир карасаң кызыл болот. Айтор, бул ирет талантынан тышкары экспериментти жакшы көргөн ырчыларды чогулттук.

Айнура Тургунбаева, актриса: "Чачымды кырдыртып салгам"

Сакиш каймана аты менен таанымал актриса, куудул Айнура Тургунбаева эксперимент кылганды жактырат. "Менин чачым элдикиндей коюу, жандуу эмес. Ошондуктан дайым кыска алып жүрөм. Бир кезде чачым түшө бергенинен кырып деле салгам. Чачымды кышында кырдыргандыктан, көчөдө баш кийим кийчүмүн да, театрга келгенде чечип койчумун. Кийинчерээк бир тарабын кырдыртып, чачымды сыя түскө боётуп салгам. Өзүмдүн чач кырккан мастерим бар, бир жолу ага барсам, "келиңиз, сыяга боёп көрөлү" деди эле ойлондум да, макул болдум. Кыска чачтын жакшы жагы бат кургайт, жеңил да жүрөсүң. Эгер сапаттуу боёкту колдонсоң, көпкө жетет", - дейт актриса.

Салтанат Аширова, ырчы: "Жолдошум менен ажырашкандан кийин жашоомду өзгөртүүнү чечкем"

"Фрунзе" ырын ийине жеткире аткарган ырчы, учурда казакстандык "Топ жарган" музыкалык шоу берүүсүнө катышып жаткан Салтанат Аширова да чачынын түсүн бат-бат өзгөртүп турат. "Чачымдын ар кандай түстө болушу менин жан дүйнөмдүн абалынан кабар берет", - дейт ырчы. Салтанат айым да кезинде эл катары узун, кара чачтуу болгон. Турмушунда сыноо болуп, жолдошу менен ажырашкандан кийин жашоосун өзгөртүүнү чечкен. Албетте, өзгөрүүнү чачтан баштаган. "Алгач узун чачымды кыска кылып кестирдим да, саргыч кылып боёттуруп салдым. Андан кийин эксперименттер башталды, ачык сыя, күлгүн, ток сары, айтор, көп түскө боёдум. Бир маалда ачык түстөрдөн тажап кетип кайра кара өңгө өтүп алдым. Чачымдын каптал тарабын кырдыртып да көрдүм. Андан соң көк, жашыл, сыя түстөргө боёп жаттым. Жакында кыска чачтан тажап кетип, узун кылып афрокосы (атайын өрдүртүү) кылып өрдүртүп салдым. Ал чач жасалгадан да тажап, чачымды кайра кыскарткам, бирок эми кайра афрокосы кылгым келип жатат.

Аррлена, ырчы: "Ак чачым үчүн мени кемпир деп сындашкан"
"Кыргызым", "Сен" (Аско менен биргеликте), "Тумарым" (Азур менен биргеликте) аткарган ырчы Аррлена ачык түстүү чачы үчүн "кемпир" деген сөздөрдү да уккан. Алгач дарегине айтылган жагымсыз сөздөргө капа болсо, кийин маани деле бербей калганын айтат. "Мен эксперименттен коркпойм. Чачымды көбүнчө ачык түстөргө боётом. Кызыл, күлгүн, жашыл, сары түстөргө боёп отуруп, акыры өзүмдүкүн таптым. Ак чачтарды "кымбат баалуу рахат" деп айтышат. Бул түстү ар ким өзүнө тартуу кыла албайт. Мен мисалы, акыркы ирет чачымды ак түскө боётконум үчүн 30 миң сом төлөгөм", - дейт Аррлена.
Айдана Дека, ырчы: "Чачымды ар түркүн түскө боёгондон рахат алам"
Кыргыз k-pop музыкасын өнүктүрөм деген ырчы Айдана Дека да чачын түркүн-түскө боёгонду жактырган жылдыздардын сап башында. "Мен бат-баттан образымды өзгөртүп турганды жактырам. Алгач сахнага ободок, "ушкилер" менен чыксам, кийин ар кандай түскө боёп жүрдүм. Клиптеримде, фотосессияда ачык түстөгү чачыма, чач жасалгама басым жасачумун. Ал кезде бойдокмун, жашмын, баары жарашчу деп ойлойм. Кала берсе жаш ырчы кыздардан эч ким ачык түскө боёчу эмес. Кийинчерээк корей жылдыздарын туурап, чачтарын ачык түскө боёгон бийчилер чыкты. Тааныштар "Мен бир жылда коркуп жатып араң боётом. Сен кантип бат-баттан алмаштыра бересиң?" деп таң кала беришчү. Мен эксперименттен коркпойм, чачымды ар түскө боёгондон рахат алам. Буюрса, бир калыпта жүрө бербей дагы жаңы стилде чыкканы жатам. Аны 2020-жылы көрөсүздөр".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Sema12
2019-12-17 12:56:23
Ну вы зае.......
-1
peri9292p
2019-12-17 13:42:09
Аррлена деген ким журогум тушуп калды,супер мындай ырчыларды кайдан таап аласынар,
+2
010288
2019-12-17 15:09:48
peri9292p,ошода
+2
Jasi.jasi
2019-12-17 16:56:21
peri9292p,ошо да чачынын туску эмес,озу деле жескемпирге окшош экен :))
+2
Mister-X
2019-12-17 17:37:09
Кыргызча аттар жок го.Айнура эжени билебиз. Башканы тааныбайм деле. Бир ыр ырдасан эле ырчы боп кетеби ошондо...
+2
ainura220888
2019-12-17 20:12:46
Аррлена деген чын эле кемпирге окшоп калат экен тобоо. Айдана Дека кайненен менен кайнатан айылда жай турмуш кечирген адамдар оюна келгенин кылып алардын жузун жер каратба азыркыдай жакшына болуп эле журо бер. Мына Казакстандык Димаш чачын бойобосо деле дуйно жузу суйуп угуп ататго. Лучше тойлой бербей вокал жагынан онукуло сураныч.
+2
Muzik
2019-12-18 01:16:40
ainura220888, туура айтасыз, ырчы болгон сон бир жакшы ырдап таанылгыла
0
Nevestkaa
2019-12-17 22:54:39
Орусту болушунча туурайсыңар бирок баары бир окшобойсуңар кыргыз боюнча эле көрүнөсүңөр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан