Кара-Сууда эки унаа сүзүшүп, 3 адам оор абалда. Унаалардын биринин айдоочусу качып кетип табыла элек

Ош облусунун Кара-Суу районунда 2 жеңил унаа кагышып, үч адам оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 11-декабрь күнү саат 20:15 чамасында болгон. Анда Мерседес-Бенц унаасы менен Honda Jazz унаалары сүзүшүп, Мерседес-Бенц унаасы толук күйүп кеткен.

"Honda Jazz унаасынын айдоочусу жана 2 жүргүнчүсү кырсыктан оор жаракаттарды алып, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилген. Ал эми Мерседес унаасынын айдоочусу качып кеткен. Учурда табыла элек. Азыркы тапта айдоочуну табуу жана жол кырсыгынын себебин аныктоо иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан