Ноокат районунда чырдаша кеткен айыл тургундарынын окуясы боюнча 6 бала кармалды

Ош облусунун Ноокат районунда чырдаша кеткен айыл тургундарынын окуясы боюнча 6 бала кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, суракка 50дөй жаран алынып, алардын ичинен 6 жаран камакка алынган.

"Учурда алар 48 саатка кармалышты. Эртең алардын баш коргоо чарасы каралат", - деди басма сөз кызматынан.

11-декабрь күнү саат 17:00 чамасында Ноокат РИИБине аталган райондун Жандама айылындагы көчөлөрдүн биринде белгисиз атчан адамдар бейбаштык аракеттери менен жолдон өтүп бара жаткан унаалардын айнектерин талкалап, жарандардын денесине жаракат келтиргени боюнча маалымат түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге жетип барып, атчандарды таркатышып, жарандардан түшкөн арыздарды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан