ИИМдин кызматкерлери алдоо жолу менен ири өлчөмдөгү акча каражатын алып качып жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-декабрь күнү ИИМдин тергөө кызматына Р.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда Бишкек шаарынын Абдырахманов көчөсүндө жайгашкан акча алмаштыруу пунктунун жанынан тааныш Сталбек жана анын достору Кубан, Алмаз аттуу жарандар Бишкек шаарынын "Дордой" базарынын борбордук өтмөгүнүн контейнер сатып беребиз деп, арыз ээсинин ишенимине киришип, алдоо жолу менен жалпысынан 4 миң доллар акчасын ээлеп алышканын айтып арыз жазган.
"Ошол күндөн бери бул жарандар контейнерди сатып бербей же акча каражатын кайтарып бербей качып жүрүшкөн. Жогорудагы факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "алдамчылык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. 9-декабрь күнү ИИМдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда турган 1979-жылы туулган К.Т. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалган. Шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат", - деп билдирет басма сөз кызматынан.