СУПЕР ТАНДОО-2019: Жылдын мыктыларын сыйлоо аземи. Мирбек Атабеков, Нурлан Насип, Айсулуу Тыныбекова, Самара Каримова... "Жылдын супери" наамын дагы кимдер жеңип алды?

Урматтуу окурман, мына ошентип сиздин добушуңуздун эсеби чыгарылып, SUPER.KG порталында жүргүзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгы менен жылдын суперлери аныкталды.

Маданият, шоу-бизнес, тасма, спорт жана башка тармактарда жыл бою талыкпай эмгектенип, тер төгүп иштегендер күйөрмандарынын добушуна коюлуп, арасынан эң көп колдоого арзыганы жеңишке ээ болду. Добуш берүү 24-октябрда башталып, 10-декабрда токтотулду. Аземге маданият, шоу-бизнестин бир катар белгилүү өкүлдөрү катышып, салтанаттуу ыр-бийлер менен коштолду.

Жылдын мыктыларын сыйлоо аземи концерт менен коштолуп, бүгүн "BishkekPark" соода борборунда болуп өттү.

Жылдыздар алгач кызыл килемден өтүп, андан соң концерт өтүүчү жайга келишти.

2019-12-14 18:54:00

"Супер-Инфо" гезитинин жана SUPER.KG порталынын окурмандарынын добушунун негизинде тандалган маданият жана шоу-бизнестин суперлерин сыйлоо аземи жыйынтыкталды.

2019-12-14 18:52:00

“Супер-Инфо” гезитинин гимни аткарылууда. Гимнди ырчылар Добр, Нурлан Насип, Марс, Асел Кадырбекова жана Чолпон Талипбек аткарышты.

 

2019-12-14 18:49:00

“Жылдын супер балбаны” – Айсулуу Тыныбекова болду. Наамды грек-рим күрөшү боюнча "Бээжин-2008" Жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси, чыгаан спортчу Канатбек Бегалиев тапшырды. Сыйлыкты алууга супер балбан өзү келе алган жок.

2019-12-14 18:47:00

Сюрприз наамдарга кезек келди. "Заманыбыздын ырчы мырзасы" наамы Нурлан Насипке тапшырылды. Сыйлыкты “Супер-Инфо” гезитинин директору Шайиста Шатманова жана SUPER.KG порталынын директору Бактыгүл Сокушова тапшырды.

2019-12-14 18:39:00

“Жылдын супер ырчы мырзасы” – Гүлжигит Сатыбековго ыйгарылды. Сыйлыкты “Супер-Инфо” гезитинин директору Шайиста Шатманова тапшырды.

Ал эми ырчы мырза Гүлжигит Сатыбеков "Сагынам"  ырын келген күйөрмандарына тартуулап жатат.

2019-12-14 18:32:00

"Жаш талант" наамы ырчы Анжеликанын кызы Айымага берилди. Сыйлыкты “Супер-Инфо” гезитинин башкы редактору Автандил Добулбеков тапшырды.

Учурда ырчы айым өзүнүн кызы менен биргеликте чыгарма аткарууда.

 

2019-12-14 18:25:00

“Жылдын супер ырчы айымы” - Самара Каримова болду.  Наамды SUPER.KG порталынын директору Бактыгүл Сокушова тапшырды. Ырчы айым өзү келе албай калгандыгына байланыштуу экрандан видеокайрылуусу көрсөтүлдү. Сыйлыкты ырчынын менеджери Назира Бактыбекова алды.

2019-12-14 18:14:00

“Жылдын супер тобу” – “Музаман” тобу болду. Сыйлыкты “Супер ТВ” компаниясынын директору Гүлзат Мамытканова тапшырды. “Музаман” тобу конокторго өздөрүнүн чыгармасынан аткарышууда.

2019-12-14 18:09:00

“Жылдын супер тасмасы” – “Такебай” тасмасы болду. Режиссёру Бакыт Осмонканов. Наамды режиссёр Рысбек Жабиров тапшырды.

2019-12-14 18:07:00

“Жылдын супер актёру”Аскат Сулаймановго ыйгарылды. Ал “Такебай” тасмасындагы аткарган ролу үчүн  күйөрмандары добуш берген. Сыйлыкты тасманын режиссёру Бакыт Осмонканов алды. Ал эми Аскат Сулайманов экрандан ага добуш берген күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирди. Наамды Кыргыз Эл артисти Назира Мамбетова тапшырды.

2019-12-14 17:58:00

“Жылдын супер актрисасы” наамына Альбина Имашова “Такебай” тасмасындагы ролу үчүн ээ болду.  Сыйлыкты тапшыруу Кыргыз Эл артисти Марат Алышпаевге жүктөлгөн.

2019-12-14 17:53:00

“Жылдын супер клиби”Гүлжигит Калыков “Эне жөнүндө баллада” клиби татыктуу болгону жарыяланды.
 Сыйлыкты Сүйүн Откеев тапшырды. Гүлжигит Калыков аталган чыгарманы аткарууда. Клип экрандан көрсөтүлүүдө.

 

2019-12-14 17:44:00

Сюрприз наамдарга кезек келди. “Жылдын сахна адамы”Съездбек Искеналиев болду. Сыйлыкты “Супер-Инфо” гезитинин башкы редактору Автандил Добулбеков тапшырды.

 

2019-12-14 17:39:00

Концерт кызуу уланууда. Келген конокторго ырчы Чолпон Талипбек "Таппадым сендей" ырын аткарып берди.

2019-12-14 17:32:00

“Жылдын супер саундтреги” – Мирбек Атабековдун “Апамды издеп-2” тасмасында ырдалган "Бир өзүң"  саундтреги ээ болду. Наамды Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген артисти Гүлзада Рыскулова тапшырды. Келген конокторго ырчы Марс "Аида" ырын аткарууда.

2019-12-14 17:25:00

“Жылдын супер ремейки” – “Ырдалып бүтпөйт махабат” ыры менен Нурлан Насип жана Асел Кадырбекова татыктуу болду. Сыйлыкты Кыргыз Эл артисти Каныкей Эралиева тапшырды. Ырчы күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирип, көрүүчүлөргө Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова “Ырдалып бүтпөйт махабат” чыгармасын аткарышууда.

2019-12-14 17:15:00

Келген конокторду куттуктап Курал менен Ильяз “Ачуу айран ичебиз” ырын ырдап беришти.

2019-12-14 17:10:00

Учурда “Жылдын супер дуэти” – наамын алган Талант 60К, Айя Садырова конокторго "Сүйүү балы" ырын аткарышууда.

2019-12-14 17:08:00

“Жылдын супер дуэти” – “Сүйүү балы” ыры менен Талант 60К, Айя Садырова болду. Сыйлыкты эстрада ырчылары Курал Чокоев жана Ильяз Андаш тапшырды.

2019-12-14 17:05:00

“Жылдын супер футболчусу” наамы Гүлжигит Алыкуловго буйруду. Ага наамды Кыргыз Республикасынын Футбол Федерациясынын президенти Канатбек Маматов тапшырды.

2019-12-14 17:00:00

“Жылдын супер көк бөрүчүсү” – Манас Ниязов болду. Ага сыйлыкты Кыргыз Республикасынын Футбол Федерациясынын президенти Канатбек Маматов тапшырды.

2019-12-14 16:53:00

Экрандан Эрлан Андашев менен Ирина Шоттун видео кайрылуусу көрсөтүлдү. Андан соң Кенже Дүйшеева “Бийле, бийле” ырын аткарды.

2019-12-14 16:50:00

“Жылдын супер ыры” наамы – “Жаным, жаным” ыры үчүн Эрлан Андашев, Ирина Шоттко тапшырылды. Эрлан АКШда, Ирина Шотт Испанияда болгондуктан келе алышкан жок. Алардын ордуна Эрландын иниси келди. Сыйлыкты Кенже Дүйшеева тапшырды.

2019-12-14 16:44:00

Учурда “Жылдын супер дебюту” наамын алган Айзада Жамгырчиева “Жүрөк сыры” ырын келген конокторго аткарып берди.



2019-12-14 16:41:00

Алып баруучулук милдетти Нурзат Токтосунова, Чыңгыз Мырзаев, Бакыт Осмонканов, Жеңиш Майрамбек уулу аткарууда.

2019-12-14 16:40:00

“Жылдын супер дебюту” - Айзада Жамгырчиева болду. Ага сыйлыкты "Супер-Инфо” гезитинин коммерциялык директору Айсулуу Алимбекова тапшырды.

2019-12-14 16:29:00

Концерт башталды. Учурда кыргыз, орус жана англис тилиндеги жаңы жылдык ырлардан попурри ырдалууда. Кенже Дүйшеева  “Жаңы жылды тосолу”, “Музаман” тобу жана Толгонай Арзыкеева – “Happy New Year”, Ильяз Андаш жана Курал Чокоев – “Новогодняя” (“Дискотека Авария”) ырларды аткарышууда.

2019-12-14 16:22:00

Бишкек шаарындагы "Бишкек Парк" соода борборунда жылдын суперлерин тандоо аземи башталуу алдында турат. Учурда "Супер тандоонун" жыл мыктылары жана аларга номинация тапшыра турган өкүлдөр соода борборуна келип жатышат.

"Супер тандоо-2019": Нурлан Насип, Асел Кадырбекова, Манас Ниязов... Жылдын суперлери аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
katerina.li
2019-12-14 20:24:59
Баягылар эле гоооо
+5
Aimani
2019-12-14 22:15:46
Уч Гулжигит тушуптур го)))
+1
elb_2121
2019-12-15 00:05:36
Эн таза мээнет менен Гулжигит Сатыбеков эле алса керек
+10
Dembele84
2019-12-15 06:48:49
Баары эле нааразы го,менин билишимче копчулугу туура эле болду.Тыныбекова,Ниязов,Алыкулов,Сатыбеков,Такебай,Атабеков,Насип,Шоттор баары татыктуу болду.Башка кучтуулорду коргон жокмун,силерге жакса башкасына жакпагандар бар.
-3
Almaz-kasimovich
2019-12-15 09:44:28
Талант Айя, Сатыбеков,Эрлан Ирина, футболист Гулжигит, кок бору Нияз, Айсулуу ушул татыктуу
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан